Чүйдө дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Саёра Атабаева табылды. Бул тууралуу кыздын туугандары кабарлады.
"Кызымды жаңы эле алып келишти. Келгенине сүйүнүп жатабыз. Кайда жүргөнүн азырынча сурай элекмин", - деп айтты кыздын апасы Салима Атабаева.
Белгилүү болгондой, Саёра Атабаева 18-февралда Чүй облусундагы Новопавловка айылындагы мектептен саат 13:00 чамаларында чыгып кеткен бойдон дайынсыз эле.