Ош шаарындагы батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды

Ош шаарындагы батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.

"Кечээ, 19-февралда саат 19:00 чамаларында Куткаруу кызматы Масалиев көчөсүндөгү батирлердин биринде жабылып калган эшикти ачып берген. Батирдин ичинен 1931-жылы туулган Д.С. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин маалыматына ылайык, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан