Ысык-Көл облусунда бельгиялык турист кар көчкүнүн алдында калып каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 13-февраль күнү 1981-жылкы Дрис Кукенс жана 1987-жылкы Кларк Кукенс аттуу туристтер эс алууга Каракол шаарына келип, буга чейин тааныш болгон Азамат аттуу адамдын жеке мейманканасына келип конушкан.
"16-февраль күнү алар Боз-Учак капчыгайына лыжа тебүү үчүн барышкан. Дрис Кукенс, Кларк Кукенс жана гид болуп бир нече күн лыжа тээп келишкен. 19-февраль күнү кечки саат 16:00 чамаларында алар тоонун башынан лыжа тебишет. Гид жана Дрис Кукенс биринчилерден болуп лыжа тээп түшүп, алардын артынан Кларк Кукенс түшмөк. Бирок ал белгисиз себептерден атайын түзүлгөн маршруттан чыгып кетип, башка тарапка өтүп кеткен. Ал жактан Кларк Кукенсти кар көчкү басып калган.
Дрис Кукенс жана гид GPS-системи аркылуу Кларк Кукенстин турган жерин таап, кардын алдынан анын жансыз денесин алып чыгышкан. Андан соң гид Каракол шаарына барып, мейманкана ээсин чакырып келип, Кларк Кукенсти ооруканага түнкү саат 1:00 чамаларында жеткирген.
Бул факт Ак-Суу РИИБинин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн", - деп айтты Усубакунов.