Атамбаев менен Сарпашевге каршы доо арыз толуктоо үчүн артка кайтарылды

Айдар Халиков деген жаран экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашевди паспорттон улуту тууралуу графасын алып салгандыгы үчүн сотко бергенин социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

“Улутту паспорттон алып салган мыйзамын жокко чыгарууну жана менин үй-бүлөмө жеткен моралдык зыянды 6 миллион сомго баалап, Атамбаев менен Сарпашевди сотко бердим”, - деп жазды Халиков.

Аламүдүн райондук соту SUPER.KG порталына билдиргендей, Халиков кечээ, 19-февралда сотко арыз менен кайрылган.

"Аламүдүн райондук соту аталган арызды берүүдө Жарандык-процесстик кодексинин 134-беренесинин талаптарына ылайык, арызды жазууда анын формасы жана мазмуну сакталбастан, ошондой эле 135-беренесинин талаптарына ылайык, арызга тийиштүү документтер, анын паспортунун көчүрмөсү, ырастоочу далилдер тиркелбестен берилгендигин билдирет. Буга байланыштуу Аламүдүн райондук соту арызды кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин ошол эле талап менен жалпы тартипте сотко кайталап арыз менен кайрылууга тоскоолдук болбой тургандыгын маалымдайт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
keba300989
2019-02-20 16:26:40
Эң туура кылыптыр, азыркы бийликтида кошо берип кой аларда колдоп бергендиги үчүн.
0
Erik2018
2019-02-20 16:31:26
Атамбаев менен Сарпашев паспортто улуту жок деген грфаны алып салган. Булар тарыхта артынан жаман кептер боюнча аты калат.
-1
zhaku2017
2019-02-20 16:43:00
Бугунку Атамбаевге жасалып жаткан иштердин баары Жээнбековтордун кошого артындагы буйругу. Эгерде Жээнбеков менен кала берсек элибиз эч жарыбайбыз. Атамбаев олко учун коп иштерди жасаганын эл билет. Жээнбеков келгенден бери Сапар Исаковго окшогон кучтуу кадрлардын камалышы Жээнбековторго эч бир кадыр барк алып келбейт. Кандай болгон кундо да Жээнбековтордон эч кандай умут кылбагыла.
+2
Azat.97
2019-02-20 19:37:15
zhaku2017,+++++++++++.Эн туура.Жээнбеков жыргатпайт.
+1
bekov01
2019-02-20 20:23:50
zhaku2017,Исаков кучтуу кадр? Анын тушунда кычкачтар 600 долларга чыгып кеттилего. Негизи президенттикке Садыр Жапаровдон башка татыктуу саясатчы жок Кыргызстанда. А П.Мны М.Мырзакматовго бериш керек
0
Erik2018
2019-02-20 16:46:06
Сапарды кайсы арыңа күчтүу деп жатасын. Сапар каш болуп, Атамбаев баш болуп Кыргызстанды сазга батырып отурушат. Алар деген жеп ичип, чычып Кыргызстанды тоноп акчаларын сыртка чыгарып кетишти. Эми үмүттүн баары азыркы бийликте калды.
0
J1irg
2019-02-20 16:56:16
Атамбаев азаматсын. Эч кандай кадыр баркы жок Жээнбековту бийлике алып келип чон жанылдын. Жээнбековту кайда барба жактырбаган адамдар. Эптеп КТРКга жамынып алып жалган жомокторун айтып, озуп пиярлоо менен алек. Атамбаев болбогондо Жээнбековту ким шайламак эле. Эч ким Жээнбековту шайламак эмес. Эми бийлике Атамбаевтин аркасы менен келип алып, кайра артына суу куюп, жамандап жатканын коргон эл Жээнбековтун ХХХХХХХХХХ
+6
NURSAPAR
2019-02-20 16:59:42
Жакшы кылыптыр мен да берсем окшойт
-1
zhaku2017
2019-02-20 18:00:41
Чыныгы уурулар Жээнбековтор экенин акыры эл тушунот. Эки Жээнбеков Бакиевтен айрымасы жок адамдар экенин эл коруп турат. Бакиевтер да оздорунун бийлигин ушинтип Жээнбековторго окшоп Сапар Исаковго окшогон таза иштеген кадраларды камоо менен баштаган. Акыры олкодон куулуп кетишти.
+4
bekov01
2019-02-20 20:43:47
zhaku2017,Улам кирип сокени болушунча берип коймойбу. Соке окуп калса исаковго телефон кирип кетсе керек байкатпай берип кетотат девататкенда
0
Kuttubek8483
2019-02-20 18:34:31
Улутуна кошуп жашаган дарегин жазбаганын кошуп сотко бербептир. Чибинде жазылган дарегин окуй турган бир дагы аппарат жок экен. Дарегин керек болгону жерлерге тактама ала журуш керек болуп атпайбы
+2
Azat.97
2019-02-20 19:38:50
Атамбаевдин убагы болгондо туура кылдыныз жазбай эле коюш керек деп айтмак Айдар мырза.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан