Талас облусунун Кара-Суу айылында иске ууланып 12 жана 4 жаштагы балдар ооруканага түштү. Бул тууралуу Талас облусунун ооруканасынын директору Нурдин Усупбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, ооруканага балдар бүгүн, 20-февралда саат 13:30да келип түшкөн.
"Балдар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда тийиштүү жардамдар көрүлүүдө", - деп билдирет оорукананын директору Нурдин Усупбеков.
Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматы иске ууланып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн апасы жана кызы каза болгонун тастыктады.