Таласта иске ууланып эки мүчөсү каза болгон үй-бүлөнүн электр жарыгын бир күн мурда өчүрүп кеткен

Талас облусунун Кара-Суу айылында 4 үй-бүлө мүчөсү иске ууланып, апасы жана кызы каза болду. Бул окуянын себебин ӨКМнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт Кара-Суу айылында турак үйдөн чыккан.

"Кечээ, 19-февралда бул үй-бүлөнүн үйүнүн электр жарыгын өчүрүп кетишкенине байланыштуу алар от жагышкан. Үйдүн ичинде от жаккан меш болбогондуктан темир челекке от жагып ошондон улам ууланышкан деген болжолдуу маалыматтар бар", - деди басма сөз катчы.

Буга чейин Талас облусунун Кара-Суу айылында иске ууланып 12 жана 4 жаштагы балдар ооруканага түшкөнүн оорукананын директору Нурдин Усупбеков билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Saidochka
2019-02-20 17:21:37
Биздин электриктер светти очуруп кеткенди эле кыйын билишет да озу,уланган,каза болгондордун убалы кимге?
+6
omurbek1990
2019-02-20 17:53:05
Saidochka,Бут эле карапайымдардыкын очурушотта.
+5
Kuttubek8483
2019-02-20 18:28:30
Светти кыркып кайра улаганы 200 сомдон жогору. Болбогон акча учун светин кыркса керек.
+4
mirbek2211
2019-02-20 22:01:12
Уйундо меши жок болсо кышында да кыркабы , биздин электриктер куйгузо турган болушту , жазасын алышсын.
+1
tular
2019-02-20 23:38:44
Иса Омуркуловдукун текшерсенер, ал вообще толобойтда, озунун уйу особняк. Электриктер карапайым элдикин гана очургонду билишет...
Жоопко тартылсын эми очургондор...
0
Nurkyz1977
2019-02-21 00:08:17
400,000 500,000сом карызы барларды очурмок тугул короосуна баш багып кире алышпайт. Азыркы закон карапайым элге кана иштейт. 500сом учун свет кыркышат,алсызды баса калып ал эми кучтуудон качышат. Калыстыгы жок,кастыгы кучтуу заман арман кун дейсин айлан тугонгондо.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан