Ош облусунун Алай районунун тургуну өзү казып жаткан кудукка түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү саат 11:54 чамасында Гүлчө айылынын Бубаев көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда Алай районунун Будалык айылынын 40 жаштагы тургуну кудук казып жатып кудукка түшүп кеткен.
Кырсык болгон жерге куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу жана фельдшер барышкан.
Жабырлануучу 4 метр тереңдикте казылган кудукка түшүп, үстүн шагыл басып калган. Кудуктун ичи тар болгондуктан бир куткаруучу ичине түшүп, жабырлануучунун үстүн басып калган кум-шагылды чака менен сыртка алып чыгышып тазалашкан. Саат 15:36да куткаруучулар куткаруучу шаймандар менен кудуктун ичиндеги адамды сыртка чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Кудукка түшүп кеткен жарандын абалы туруктуу.