Бишкектеги телеканалдардын биринин журналисти 30 миң сом пара талап кылып кармалганы тууралуу расмий жарыяланды

Бишкектеги телеканалдардын биринин журналисти 30 миң сом пара талап кылып кармалды. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур тастыктады. Басма сөз катчы ал журналисттин аты-жөнүн жана кайсы ЖМКнын өкүлү экенин айтуудан баш тартты.

"Мындай факты 19-январда болгону чын. Ал журналист ЖМКлардын биринин өкүлү болуп саналат. Учурда анын пара талап кылган фактысы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан башка маалыматты бере албайбыз", - деди Анастасия Пискур.

Бүгүн, 20-февраль күнү "Ала-Тоо 24” телеканалынын журналисти бала бакчанын директорунан акча талап кылып кармалганы боюнча интернетке маалымат тараган. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы азырынча мындай маалымат жок экендигин билдирген. "Ала-Тоо 24" телеканалынын башкы продюсери Мирбек Молдакунов да мындай маалыматты четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bikusim
2019-02-20 22:12:57
Атын жашырып, журналисттен пара алышсын тигилер эми. Ушинтип жашырып журуп коррупцияга белчеден баттыкго
+6
Ermekbai
2019-02-21 01:19:22
Ктр када иштейт деп эле жүрөт башка жактарда
+1
katerina.li
2019-02-21 11:35:32
Башка жакта аты жону,кай жерде иштегенни бут ачык эле жазып коюптурго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан