Бишкекте 30 миң сом пара талап кылды делген журналист боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Окуянын чоо-жайы

Бишкектеги телеканалдардын биринин журналисти 30 миң сом пара талап кылганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди.

"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Ал журналист кыргыз тилдүү ЖМКлардын биринин өкүлү, аты-жөнү азырынча айтылбайт", - деди Пискур.

Ал эми өздүк булактар берген маалыматка ылайык, кармалган журналист бир жума бою бала бакчадагы коррупция боюнча иликтөө материалын даярдоо менен алектенген. Анда шаардын четиндеги бала бакчалардын бириндеги коррупция боюнча кеп козголгон. Бала бакчанын тарбиячысы бул тууралуу билип калып, журналисттен ал материалды чыгарбоону өтүнгөн. Бирок буга журналист макул болбой, 1 жума бою убактысы жана шаардын четине келип кеткенине көп чыгым болгонун айткан. Ага бала бакчанын өкүлү кеткен чыгымдарды төлөп берүүгө даяр экенин билдирген. Кийин ал аял Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына арыз менен кайрылып, андан пара талап кылып жатканын билдирген. Бул арыздын негизинде журналист Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кечээ, 20-февралда социалдык тармактарда телеканалдардын биринин журналисти пара талап кылып кармалганы боюнча маалымат тараган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы алгач мындай факт катталбаганын билдирип, кийин журналист кармалганын тастыкташкан. Ал эми интернетке тараган маалыматта кармалган адам "Ала-Тоо 24" телеканалынын журналисти экендиги айтылып, анын башкы продюсери Мирбек Молдакунов мындай маалыматты четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nursbaike
2019-02-21 12:18:38
Кооррупциялык иликтоо жургузду чынчыл болуп Баатыр болуп 1 жума изденди акчасы кетиптир акырында коркутуп акча таап кылды мына коррупция менен курошуп аткандар . Ээу биринчи напсинерди женгиле
+1
tyrgon
2019-02-21 18:04:04
Журналист ушундай болуп жатат анан ойдо жактарда соз жок дегенди билдиретда бала бакчаны бул жерде калсын ал жак курула баштаганда эле коррупция болсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан