Атасын өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгон 26 жаштагы жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Маркум 3 жыл бою дайынсыз болуп милиция кызматкерлери тарабынан изделген.
Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы 1966-жылы туулган Данияр.Д. аттуу жаран жоголуп кеткен. Анын дайынсыз болуп жатканын алгач кошуналары айтып, кийин туугандары арыз менен милицияга кайрылышкан. Маркум менен чогуу жашаган Карим аттуу уулу атасы күтүүсүздөн Орусияга кетип калганын билдирген. Бул убакыт аралыгында Карим да Орусияга кетип калууга үлгүргөн.
Данияр.Д. 3 жыл бою издөөдө жүргөн. Кийин милицияга дайынсыз жоголгон адамдын бир тууганы кайрылып, аны менен уулунун мамилеси начар болгонун жана ал аны өлтүрүп коюшу мүмкүн деп билдирген. Ошондой эле ал тууганын үйүнүн короосунда үстү таштандылар менен толтурулган чуңкур пайда болгонун айтып, аны текшерүүнү өтүнгөн. Ал чуңкур казылып, бирок эч нерсе табылган эмес.
2018-жылы 24-май күнү маркумдун тууганы ал үйгө барып ошол эле чуңкурду кайра казып баштаган. 1 метрден ашыгыраак тереңдиктен кишинин сөөгүн таап, кийим-кечесинин калдыктарынан, тиштеринен жана уюлдук телефонунан улам дайынсыз жоголгон тууганын тааныган. Кийин белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери маркумдун сөөгү табылган чуңкурду 30 сантиметрдей эле тереңдикке чейин казганы аныкталган. Ал эми маркумдун сөөгү 1 метр 20 сантиметр тереңдикке көмүлгөн. Кылмышка шектүү катары маркумдун уулу атасын өлтүргөндөр табылды деген шылтоо менен чакыртылып, колго түшүрүлгөн.
"Бул кылмыш ишин Чүй облусунун Москва райондук соту карап чыгып, 2019-жылдын 13-февралында өкүм чыгарды. Анда атасын өлтүрүүгө айыпталган 26 жаштагы Карим аттуу жарандын күнөөсү толугу менен далилденгенине байланыштуу сот аны 15 жылга эркинен ажыратты", - деп билдирди Чүй облусттук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов.