Чүйдө абактан чыкканына 1 ай болгон жаран бөтөлкөлөшүн бычактап өлтүргөнгө шектелүүдө

Чүйдө чогуу ичимдик ичип отурган таанышын бычактап өлтүрүүгө шектелип 45 жаштагы жаран кармалды. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү саат 12:50 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Комсомол айылынын тургуну бычакталды" деген кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам иликтөө тобу аталган айылдагы үйлөрдүн биринен кансырап жаткан 50 жаштагы К.В. аттуу жаранды табышкан. Милиция кызматкерлери "Тез жардам" кызматын чакырып жабырлануучу ооруканага жетпей жолдон каза болгон.

"Бул факты боюнча шектүү катары 45 жаштагы Чүй облусунун тургуну И.Р. кармалган. Териштирүү иштеринде шектүү бир ай мурун абактан чыкканы аныкталган. Учурда иликтөө иштери башталып шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан