Ысык-Көл облусунун тургуну 5 жыл кулчулукта жүргөн. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 32 жаштагы тургуну Эрлан Кылычбеков Талас облусунда кулчулукта болгонун айтып, арыз менен милицияга кайрылган.
"Качкынбеков өз арызында, 2010-жылы Ысык-Көлдөгү эмгек биржасына белгисиз адам келип, Таласта 20 миң сом айлыгы менен чабан болуп иштөөнү сунуштаганын белгилеген. Макул болгон соң ал аны Талас шаарына салып жиберген. Ал жактан Кылычбековду тосуп алган Урмат аттуу адамдын колунда иштеп баштаган. Бир топ убакыт өткөндөн кийин Рыскул аттуу инисинин үйүнө алып барып, мындан ары анын малын кайтара тургандыгын айткан. Урмат Кылычбековдун көзүнчө буга чейинки айлык акысын инисине санап берип, мындан кийинки айлыкты кошуп иниси төлөп берерин айткан.
Кылычбеков андан ары Рыскулдун үйүндө иштеп баштаган. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин эмгек акысын сураса Рыскулдун уулу аны сабап, уюлдук телефонун тартып алган. Эрлан Кылычбеков 5 жыл Рыскулдун колунда иштеп, 2015-жылы кожоюну конокко кеткенде качып чыкканын билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Облустук милициядан билдиришкендей, Кылычбеков буга чейин ички иштер органдарына арыз менен кайрылган эмес. Ал 4 жылдан кийин арыз жазып, учурда иликтөө иштери башталды.