Жакында Бишкекте белгилүү рэп ырчысы Тимати Black Star Burger ресторанын ачат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.
Франшизанын ээлеринин айтымында, бул техникалык жактан эле ачылыш болуп, кардарларды кабыл алып баштайт. Ресторан Азия Молл соода борборунун 3-кабатынан орун алган. Ал эми расмий ачылыш аземге Тиматинин өзү келери белгилүү болду.
Black Star Burger компаниясы 2016-жылы негизделип, бизнесмен Юрий Левитас менен музыкалык лейбл же эн белгиге ээ Тимати Black Star экөө биргелешип ачышкан. Тиматинин бургерлери Москва, Төмөнкү Новгород, Уфа, Грозный, Воронеж, Пермь, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону менен Екатеринбургда модалуу жай болуп иштеп келет.