Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө жол тандабас эки аялды сүзүп кетти. Бул маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, окуя бүгүн, 21-февралда болжолдуу саат 13:30 чамасында катталганын билдирди.
"Lexus LX470 унаасынын айдоочусу Славян туюк көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов кең көчөсүн көздөй баратып эки аялды сүзүп кеткен. Жабыркагандардын бири 58 жашта болсо, бири 35 жашта болгон. Алар ошол замат Бишкек шаарындагы №4 ооруканасына жеткирилген. Ал эми айдоочу учурда көрсөтмө берип, тийиштүү иштер жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз катчы.