Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн 4 жаштагы кызы эсине келе элек

Талас облусунун Кара-Суу айылында бир үй-бүлө иске ууланган. Жыйынтыгында үй кожойкеси бир кызы менен каза болуп, дагы эки баласы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда балдардын биринин абалы жакшырып, экинчиси эсине келе элек. Бул тууралуу оорукананын директору Нурдин Усупбеков билдирди.

"Ооруканада жаткан 12 жаштагы эркек баланын абалы жакшы. Анын 4 жаштагы карындашы эсине келе элек. Дарыгерлер колунан келген бардык иштерди аткарып жатышат", - деди Усупбеков.

Буга чейин Кара-Суу айылында турак үйдөн өрт чыккан. Ал эми 19-февралда бул үй-бүлөнүн үйүнүн электр жарыгын өчүрүп кетишкенине байланыштуу алар от жагышкан. Үйдүн ичинде от жаккан меш болбогондуктан темир челекке от жагып ошондон улам ууланышкан деген болжолдуу маалыматтар айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2019-02-21 22:29:02
Маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун,бейиштен орун алышсын...

Маркум кыз светти кыйып атканда светчиге жалыныптыр,апам келет очурбонузчу деп,атасы чон баласы операция болуп,жанында карап Бишкекте болгон экен,айылдаштары ошо светчи аялды урушуп атышкан видео тараптыр,ал деле оз ишин аткарып жатат дейин десен ушундай суукта итке да боорун ооруйт эмеспи,а тиги келин 3 баласы менен тонуп айласыздан темир мешти киргизиптир байкуш((((((
Эми кичине кызы эсине келип жакшы болуп кетс
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан