Бангладеште өрттөн каза болгондордун саны 80ге жетти

Бангладештин борбор шаары Даккада өрттөн каза болгондордун саны 80ге жетти. Чет элдик ЖМКлар өлкөнүн улуттук өрт кызматынын башчысы Али Ахмеддин сөзүнө таянып, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин жазууда. Андагы маалыматтарга караганда, өрттөн күйүк алып ооруканада жаткандардын саны 50дөй болсо, дагы бир канча адам дайынсыз болууда. Учурда өлкөнүн куткаруу кызматтары издөө иштерин улантышууда.

80 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы 20-февраль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:30 чамасында төрт кабаттуу үйдөн чыккан. Тилсиз жоону 200 өрт өчүрүүчү 5 саатта өчүрүшкөн. Бирок үйлөр жанаша жайгашкандыктан өрт жайылып кеткен.

Өрт чыккан үйдүн жогорку кабаттарында адамдар жашаган болсо, биринчи кабаты химиялык кампа катары колдонулуп келген. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, өрттүн келип чыгуусуна газ баллондун жарылуусу себеп болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан