Биз социалдык тармакта

Чүйдө бөтөлкөлөшүн өлтүрүп шкафка катып койгон шектүү кармалды

Чүйдө бөтөлкөлөшүн өлтүрүп шкафка катып койгон жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Люксембург айылынын тургуну ушул жылдын 8-январында 43 жаштагы бир тууганы жоголуп кеткенин айтып милицияга кайрылган. Ал өткөн жылдын декабрь айында Милянфан айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

"27-декабрь күнү шектүү менен Милянфан айылынын тургуну спирт ичимдиктерин ичип отуруп уруша кеткен. Жыйынтыгында шектүү бөтөлкөлөшүн өлтүрүп салган. Андан соң сөөктү үйдүн короосундагы шкафка катып койгон. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды", - деп билдирет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан