Ысык-Көл облусунун Түп районунун эки тургуну "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө буга чейин "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлүгүнөн баш тарткан фактылар катталган.
"Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлүгүнөн 50дөн ашык адам баш тарткан. Бир нече күн мурун Түп районунун эки тургуну бул диний-экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты. Алар өз күнөөлөрүн моюнуна алышып, динге ишенгендерди идеологиянын зыяндуу жолдоруна түшүп калбоого чакырышты", - деп жазылат маалыматта.