Жогорку Кеңеште кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу үчүн Улуттук банкка ыйгарым укук берүү боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңеште кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу үчүн Улуттук банкка ыйгарым укук берүү боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Депутат Салайдин Айдаровдун айтымында, мыйзам долбоору чакан, орто бизнестин субъектилерин каржылоону жеткиликтүү жогорулатуу жана кепилдик фонддордун иштерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органды белгилөө максатында иштелип чыккан. "Кепилдик фонддордун негизги максаты - кепилдиктерди берүү аркылуу бизнесин өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө жана модернизациялоого, жаңы ишканаларды ачууга багытталган банктык кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу болуп саналат", - дейт депутат.

Бул үчүн долбоордо төмөнкүлөр каралган:

- Кепилдик фонддор иштерин ишке ашыруу үчүн Улуттук банктан эсептик каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү;

- Кепилдик фондун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Улуттук банкка ыйгарым укук берүү жана төмөнкүдөй талаптарды белгилөө:

- Кепилдик фонддорунун ишин текшерүү, отчётторду алуу жана таасир берүүчү чараларды колдонуу боюнча Улуттук банкка ыйгарым укук берүү;

- Милдеттүү түрдө тышкы аудит жүргүзүүнү талап кылуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан