АКШда жумуштан айдалган кызматкер 5 адамды өлтүрүп, 6 адамды жарадар кылган

АКШда жумуштан айдалган кызматкер 5 адамды өлтүрүп, 6 адамды жарадар кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 16-февраль күнү Иллинойс штатынын Аврора шаарындагы ишканалардын биринде орун алган. Анда жумуштан кетирилген 45 жаштагы Гэри Мартин 15 жыл бою суу өткөрүүчү түтүктөргө клапандарды чыгаруучу компанияда иштеп келген.

"16-февраль күнү Мартинди чогулушка чакырып, ага жетекчилик жумуштан бошотуп жатканын билдирген. Жумуш берүүчүлөргө таарынган кызматкер дароо курал алып чыгып, аларга ок чыгарган. Ал учурда ишкананын имаратында 30дай кызматкер иштеп жаткан.

Ызаланган кызматкер 5 полиция кызматкерин да жарадар кылган. Жалпы жонунан 5 адам каза болуп, 6 адам жаракат алган. Полиция кызматкерлери Мартинди атып өлтүрүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Мартин окуяга чейин 1995-жылы сот жообуна тартылганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nursbaike
2019-02-22 10:45:23
Ишине байлангандар да . Ишсиз калса ач калам деп ойлошот .ээээх Мусулмандар канчалык бактылуубуз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан