Жогорку Соттун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына карата кылмыш иши козголду

Сот системинин коррупциялык багыттагы кылмыштарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүп жаткан иш-чараларынын алкагында чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын көздөп соттун адилеттикке жатпаган чечим чыгаруулары аныкталды. Мындай маалматты УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

"Айрым кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштери үчүн сот системинин кызматкерлери атайылап мыйзамсыз чечимдерди чыгаруу жолу менен мыйзамдуу деп таанылган чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин жана мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алууда тиешеси бар фактылар аныкталды.

8-февралда Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунда иштеп жаткан 3 судьяга жана Жогорку Соттун мурунку бир судьясына Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон", - деп билдирет басма соз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан