“Жебе” тобунун мурдагы солисти Самат Муратбеков "Эркелет" аттуу ырына жаңы клип тартып баштады. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге ырчынын менеджери Алия Алмазбекова билдирди. Белгилей кетсек, Самат Муратбеков "Жебе" тобунан чыккан соң жеке ырчы катары өз алдынча эмгектенип баштаган. Самат Муратбековдун репертуарында "Татына кыз", "Белегимсиң", "Ассалоому алейкум", "Күттүм күндө" жана башка ырлары бар.
"Самат Муратбеков өзү туулуп өскөн Кемин районундагы Кызыл-Суу айылына алгачкы тушоо кесүү концертин коюп келди. Ага конок катары ырчы Бегимай Бекбоева жана бийчилер тобу барышты. Концерт мыкты деңгээлде өттү. Эми Токмок жана Балыкчы шаарларында концерт берүүгө даярданып жатабыз", - деди ырчынын менеджери.
Самат Муратбеков 2018-жылдын соңунда, тактап айтканда 29-декабрда кыздуу болгон. Ымыркай ырчынын үй-бүлөсүндөгү экинчи наристе.
Ал эми ырчы Кенже Дүйшеева "Жебе" тобунун жаңы курамын түзүү үчүн кастинг жарыялаганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.