Ош облусунун жарым миллиондон ашуун тургундары жаңы орнотулган базалык станциялардын жардамы менен 4G LTE-түйүнүнүн ылдамдыгынын жакшыртылгандыгын сезе аларын О! мобилдик оператору билдирет.
180ден ашуун базалык станцияларды ишке киргизүү тууралуу О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко маалымат берди:
"Жаңы жабдууларды орнотуу менен бирге О! түйүнүндөгү жалпы бир айлык LTE-трафик да өсүүдө. Бир айдын ичинде биздин 4G-түйүнү аркылуу миллиондогон гигабайттар өтөт. Дагы бир нерсени белгилегим келет, эң көп интернеттен маалымат көчүргөн региондордун бири - Ош облусу. Бул аймакта О! операторунун эң активдүү 4G абоненттери жашайт, ошондуктан түйүндү оптимизациялоо боюнча иштерди пландаштырууда бул маселе сөзсүз эске алынат".
Бүгүнкү күндө 4G LTE-О! түйүнү бүт өлкөнүн дээрлик 81 пайызын камтыган. Оператордун абоненттери бул мобилдик интернеттин жогорку ылдамдыктагы технологиясын Кыргызстандын ири шаарларында жана райондорунда гана эмес, калкынын саны эки миң жана андан көп чакан калктуу пункттарда да пайдалана алышат. Жакында эле бул тизме Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу, Араван жана Алай райондорундагы жогорку ылдамдыктагы 4G LTE форматындагы жаңы базалык станциялар менен толукталды:
Боз-Караган, Күн-Элек, Мурдаш, Жаңы-Арык, Аччы, Кара-Булак, Сасык-Үңкүр, Жаңы-Араван, Каррак, Октябрь, Эрке-Кашка, Сүткор, Мангыт, Кесек, Төлөйкөн, Жаңы-Арык, Арап, Кесов, Чертик, Янги-Абад, Янги-Юль, Кайрагач-Арык, Какыр-Пилтан, Лангар, Жакшылык, Жар-Кышлак, Кукалапаш, Максым-Тобу, Ак-Таш, Жылкелди, Барак, Жаңы-Арык, Правда, Таш-Арык, Большевик, Агартуу, Гайрат, Калинин, Коммунизм, Кызыл-Кошчу, Кызыл-Сарай, Маданият, Мамажан, Баш-Булак, Жаңы-Турмуш, Кызыл-Ордо, Садырбай, Андижан-Махалла, Жар-Ооз, Кенжекул, Тажик-Махалла, Монок, Кызыл-Кыштак, Андижанское, Жаңы-Кыштак, Карл Маркс, Коммунист, Кызыл-Байрак, Кыргыз-Чек, Асанчек, Каарман, Социализм, Учкун, Чагыр, Алим-Тепе, Жаңы-Махалла, Жийделик, Каратай, Кызыл-Мехнат, Нурдар, Отуз-Адыр, Кара-Дөбө, Кыш-Абад, Савай-Арык, Ынтымак, Кызыл-Шарк, Кең-Сай, Көчкөн-Жар, Октябрь, Савай, Султан-Абад, Эркин, Коңурат, Дыйкан-Кыштак, Кыргызстан, Өзгүр (Бөлүм), Учар, Таштак, Имам-Ата, Маданият, Фуркат, Бел, Борбаш, Фрунзе (Бөлүм), Гүлстан, Баглан, Кызыл-Тейит, Темир-Корук, Куу-Майдан, Айбек, Караке, Коммунизм, Таштак, Чучук, Жаңы-Базар, Жар-Коргон, Федорово, Чеч-Дөбө, Кожоке, Көк-Жар, Алашан, Борбаш, Жийде, Каранай, Сарыканды, Нарай, Муркут, Ай-Тамга, Додон, Меркит, Толман, Арал, Барын, Ынтымак, Сары-Камыш, Ылай-Талаа, Сай, Большевик, Кеңеш, Жаңы-Жол, Кош-Коргон, Кызыл-Кырман, Жылалды, Красный Маяк, Прогресс, Яссы, Бакмал, Бабашуулу, Бөксө-Жол, Жаңы-Абад, Дөң-Булак, Кара-Дарыя, Мичурин, Өзгөрүш, Төөлөс, Кара-Дыйкан, Кызыл-Дыйкан, Жээренчи, Жазы, Кароол, Мырза-Арык, Орто-Арык, Шералы, Шамал-Терек, Старая Покровка, Алга, Кызыл-Октябрь, Кызыл-Сеңгир, Кызыл-Тоо, Карчабек, Эркин-Тоо, Бабыр, Саламалик, Кызыл-Чарба, Шоро-Башат, Ана-Кызыл, Бостон, Кыймыл, Макаренко, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек, Жаман-Жар, Кулчу, Кызыл-Туу, Чак, Кара-Шыбак.
Кыргызстанда 4G LTE технологиясы пайда болгондон баштап О! абоненттеринин көпчүлүгү жаңы технологияны кармаган түзүлүштөрдү тандай башташты. Оператордун түйүнүндө мындай LTE телефондордун үлүшү 50 пайызга жакындап калды.
О!Store дүкөндөрүнүн көп сандаган кардарларынын арасында да 4G LTE стандартын кармаган смартфондор жана түзүлүштөр татыктуу популярдуулукка ээ боло баштады.
О! сигналы ишенимдүү тарткан аймактар тууралуу маалыматты www.o.kg сайтындагы камтуу картасынан билсе болот.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!