Чүйдө 14 жаштагы Анаркүл Жоошбаева кайрадан изделүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында 14 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделүүдө.

Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2005-жылы төрөлгөн Жоошбаева 2019-жылдын 18-февралында эртең менен саат 06:30-08:00 аралыгында мектеп-интернатынан чыккан бойдон дайынсыз.

Өзгөчө белгилери: орто бойлуу (150-155 сантиметр), кой көз, кара тармал чачтуу жана узундугу ийинине чейин келет.

Кийген кийимдери: капюшондуу кара түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү кышкы бут кийим, колунда сары түстөгү сумкасы бар.

Ошондой эле Анаркүл Жоошбаева буга чейин бир нече жолу интернаттан качкан. Аны таанып-билгендер төмөнкү номерлерге билдирсе болот.

Байланыш телефондор: 0 (312) 363 527, 0 (552) 220 692, 0 (704) 312 505;

Буга чейин 3-февраль күнү Анаркүл Жоошбаева Байтик айылындагы үйдөн чыгып дайынсыз жоголгон. Бирок эртеси күнү Бишкек шаарынан табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан