Ысык-Көлдөгү тоок фабрикасы эксперимент жасап, жумуртка кандай учурда "резина" болуп каларын көрсөттү

Ысык-Көл районунда жайгашкан тоок фабрикасы эксперимент жасап, жумуртка кандай учурда "резина" болуп каларын көрсөттү. Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын өкүлдөрү да катышты. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Садырбекованын SUPER.KG'ге билдиргенине караганда, муздаткычта өтө тоңдурулган жумуртка сапатын жоготуп, кайнатылгандан соң "резина" сымал болуп каларын көрсөттү.

"Ошто жасалма делген жумуртка Ысык-Көл облусунан келгени кабарланган. Аталган облуста бир гана фабрика бар. Ал Ысык-Көл районунда жайгашкан. Бүгүн фабриканын өкүлдөрү жумуртка сарысына чейин тоңдурулган учурда "резина" сымал болуп каларын көрсөтүп беришти. Башкача айтканда, жумуртка сапаты бузулуп, "резина" сымал болуп калат экен. Ошол эле учурда муздаткычка салынбаган жумуртканы да кайнатып, аарчып көрдүк. Баары эле жайында болуп чыкты. Демек, Оштогу ызы-чуу болгон жумуртканын сактоо шарты бузулган. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жасалма жумуртка жок", - деди Садырбекова.

17-февралда социалдык тармактарда "Ошто жасалма жумурткалар сатылып жатат" деген видео тараган. Анда колдонуучу тамактанар алдында сууга бышырылган жумурткалар деп аны аарчып, ичи чыныгы жумуртка эмес экенин айткан.


Жумуртка кандай учурда "резина" болуп калат?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
momun74
2019-02-22 17:55:56
Негизи жумуртканы муздаткычта сактоого болбойт жон эле жегенге жараша улам жаныдан сатып алган жакшыго
+3
Gisi
2019-02-22 23:05:52
momun74,биздин домашний жумурткабыз муздаткычта эле турат эштеке болбойтго
+1
momun74
2019-02-23 01:21:22
Gisi,жоок кеп резина болушунда эмес муздаткычта сактаганга болбойт деп вет врачтар коп жолу эскертишетго
-2
Kychtyy
2019-02-23 08:52:11
Gisi,морозильникти айтып атат -10. Муздаткычтын ичи 1 же 2 да. Тондурулган жумуртка. Толук окуп тушунуп анан комент жазгылачы.
+1
Дарыгер
2019-02-22 19:25:17
Туура эле видео чыгарган. Любой кишиде паника болот андай учурду. Биз дагы эксперимент жасап коробуз
+6
Supsuluu
2019-02-22 19:29:57
Бизде жумуртка ардайым эле муздаткычта турчу, мурдагылары жакшынакай эле бышчу, өткөн жумада 6 даана бышырсам баарысы резина чыкты. Анан эле үстүдөгү видео тарады интернетке. Бул жөн гана дал келүүчүлүкпү же кандай, түшүнбөй калдым.
+4
Flowhive
2019-02-22 20:08:36
Эми эптеп ишенип койгула
-2
maksel2009
2019-02-22 20:24:07
Кышында чоптон ичинен тапкан жумуртка тонуп калса да эч качан резина болгон эмес бышырганда
+9
PUM.PUM.KG
2019-02-22 20:41:56
Урматтуулар, жайында жумуртка (тукум) арзан болот. Бир лотогу (флейкасы) 100сомго чейин. Акчасы коп бизнесмендер, бизнесвумендер бир канча миндеген жумуртка (тукумдарды) алып чоон холодильниктерге сактап коюп кышында сатыкка чыгарат. Кооп убакыт муздаткычта тургандыгында байланыштуу сапатын жоготот.
+1
atai9292
2019-02-22 22:00:16
Резина жумурткалар эч качан туруп калгандан эмес анан биздик Кыргызстандан чыкпайт андай сапатсыз жумуртка. Бул Өзбекстандан контрабанда аркылуу кирген жумурткалар ушундай сапатсыз чыгат
+2
AIA-TOO
2019-02-22 22:56:31
Админ, өткөндө лимон суусунун пайдалуулугу жөнүндө бир тема чыгарган элеңер, ошонун ссылкасын берип койгулачы?
0
tokitok
2019-02-23 06:02:32
Илгери бир эжемдин уйунон анын тууганы 3 жолу жумуртка кууруп берген эле жесен резина анан копкоо кууручу мен кечке кууруса резина болуп калат го деп ойлочу элем. Жакында уйдон бир жумуртка калып кетиптир куурсам резина корсо жумуртка коп убакыт туруп же музлаткычта башкача сакталгандан болот окшойт. Ишене бергиле
0
Fatimnazz
2019-02-23 19:19:01
Сууга көбүрөк кайнатса көп бышып кетсе да ошондой болуп калат го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан