Ошто үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсү аялын сабап өлтүрүп койгон деп шектелүүдө

Ош шаарында күйөөсү аялын сабап өлтүрүп койгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи райондордун бириндеги үйдөн табылган.

"Үй-бүлөлүк уруштан улам 46 жаштагы жолдошу 35 жаштагы аялын сабап койгон. Маркум аял жаткан жеринде каза болуп калган. Учурда күйөөсү кармалып, алгачкы суракты берип жатат", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан