Бишкекте мас абалында таксистке кол салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматкери кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя 15-февраль күнү болжол менен саат 06:00 чамасында болгон. Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган жаран мас абалындагы белгисиз эки адам жолдон токтотуп, коркутуу жолу менен өздөрү бара турган жерге айдатышканын айткан. Андан соң жолдон унааны токтотуп, айдоочуну катуу буюм менен сабап, телефонун алышкан. Кийин айдоочуну жолго таштап, унааны белгисиз тарапка айдап кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөр башка дагы кылмышка барышканы белгилүү болгон. Алар жолдо бара жатып 29 жаштагы кишини күч колдонуп унаага салышкан. Бактыга жараша, ал киши унаадан секирип качып кеткен.
Ыкчам тергөө тобу унааны "Ош базарынын" айланасындагы көчөлөрдүн биринен табышкан.
Шектүү катары Жалал-Абад облусунда туулган 29 жаштагы А.А. жана 36 жаштагы О.М. кармалган. Алар 14-февраль түнү спирт ичимдиктерин ичишкени белгилүү болгон. Териштирүү иштеринде экинчи жабырлануучунун акчасын жана кийип жүргөн курткасын чечип алышканы аныкталган. Учурда шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.