Москва шаарындагы "Асклепий Мед" клиникасында 2018-жылы июль айында кыргыз аял жыныстык органына операция жасатып жатып каза болгон. Окуядан кийин кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргөн.
Андан кийин ишти Москва шаарынын Мещанск райондук соту караганы белгилүү болду. Сотто клиниканын директору С.К. күнөөсүн моюнуна алган. Ал соттун чечими менен 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Мындай маалымат Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтына жарыяланды. Анда аталган медициналык жайдын медициналык кызмат көрсөтүүгө уруксаты жок болгону аныкталганы жазылган.
"Клиника КМШ өлкөлөрүнөн келип Москвада убактылуу жашап жаткан адамдарга кызмат көрсөтүп келген. Андан сырткары дарыгерлердин билими квалификациялык талаптарга жооп берген эмес. Тийиштүү жабдуулары жок болгон жана жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди пайдаланышкан", - деп айтылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылдын 23-июлунда С.Ж. аттуу Кыргыз жараны "Асклепий Мед” клиникасында жыныстык органына операция жасатып жатып көз жумган. Клиниканын ээси мурун Кыргыз жараны болуп, 2010-жылы Орусиянын жарандыгын алганы аныкталган. Ал жерде Орто Азиядан барган 95 келин боюнан алдыруу боюнча операция жасатканы белгилүү болгон.