Вице-премьер чыгаша тарткан пансионаттардын директорлорун жоопко тартуу керектигин айтты

Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжалуулугу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын жана бир катар тийиштүү ведомстволордун жетекчилери катышышты. Замирбек Аскаров өз сөзүндө мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжасыздыгын белгиледи.

"Эс алуучулар арасында суроо-талапка карабастан, пансионаттардан мамлекеттик бюджетке кирешелердин түшүүсү маселеси курч турат. Эгерде 3-4 жылдын киреше көрсөткүчтөрүн салыштырсак, 2017-жылы бул көрсөткүчтөр кыйла төмөн болгон, буга байланыштуу алардын жетекчилери ээлеген кызматтарынан түшүрүлгөн. Ал эми 2018-жылы айрымдары оң, бирок дагы эле минималдуу көрсөткүчтөр менен чыккан. Төмөндөөнүн себебине талдоо жүргүзүү жана чыгаша тарткан пансионаттардын директорлорун жоопко тартуу керек. Жетекчини жөн гана кызматынан алып салуу жетишсиз, эмне себептен киреше түшпөй жатканын изилдөө жана тергөө зарыл", - деди вице-премьер-министр.

Жыйындын соңунда Замирбек Аскаров аталган фондго ар бир мамлекеттик ишканалар боюнча ревизия жүргүзүү жана мындан аркы чараларды кабыл алуу үчүн маалыматтарды берүүнү тапшырды. Мындан тышкары вице-премьер-министр мамлекеттик ишканалардын финансы-чарбалык ишмердигин көзөмөлдөө боюнча фонд тарабынан иштин төмөн деңгээлин белгилөөнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2019-02-23 14:39:29
Мен чонмун дегениндин баары ошол жерге эс ала берсенер силерди чонтогунон бакмак беле анан чыгаша коп деп отчет берип кирешени азайтат. Ошондуктан жеке менчике ачык аукцион аркылуу сатып жибериш керек.
+2
bakyt1799
2019-02-24 08:06:47
Анысы аз келгенсип текшеруучулор дагы коп. Жай келди эле текшеруу басып калат калп эле. Анализдеп коргуло,канча текшеруу келет. Мисалы счетная палата келсе 2 ай люкс номерин алып туугандары менен жатат, 1 тыйын толобойт жатканына ичкенине анан кантип киреше тушот.
0
Дарыгер
2019-02-24 11:33:04
Ыссык колго бекер эс алуучулар бара берсин. Колго кеткен акча Туруияда деле эс ал болоот. Все включено. Пляж бассейн бекер. Питание нормально
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан