ТИМ Кытайдагы лагерде этникалык кыргыздардын кармалып турганы боюнча маалымат аныкталбаганын билдирди

Кечээ, 22-февралда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Үрүмчү шаарында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Шохрат Закир жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы лагерде этникалык кыргыздардын кармалып турганы боюнча маалымат аныкталбаганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз-Кытай аймактык, чек ара, инвестициялык кызматташтык маселеси талкууланды. Шохрат Закир коопсуздук, терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү багытында кызматташуу маанилүү экенин айтты. Ошондой эле ал майда мыйзам бузуулар үчүн кармалгандарды окуткан кесиптик-техникалык билим берүү борборлорунун ролу жөнүндө сөз кылып, анда этникалык абалына басым жасалбай турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
volk27
2019-02-23 14:01:08
Силерди жөн эле алдап коёт бул кытайлар
+10
nerrazuri
2019-02-23 14:57:06
Тышкы иштер министри Кытайга барбай эле Нарын Айып менен жолукканбы эмне?
+3
nargiz-sa
2019-02-23 22:31:24
Бизге тийишпей жон келип жон кет болбосо сени ошол лагерге алып барып коебуз десе. Баары сиз айткандай деп келе берди да ТИМ
+3
Chungyz
2019-02-24 00:43:15
Алдабагыла
+2
tular
2019-02-24 02:24:25
Жалган. Биринчи ошол лагерде жаткан адамдардын жакындары менен жолуккулачы? Анан тушуносунор!!!
+1
Baicho_0707
2019-02-24 10:02:35
Ошентип койуп журо бергиле,деди деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан