Жарандык активист Аманбол Бабакуловдун автоунаасын талкалап кетишти. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Ал Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасынын арткы терезесин талкалап кеткенин айтты. "Кечээ, 23-февралда саат 18:00 чамасында унааны үйдүн жанына токтотком. Бүгүн саат 10:30да чыксам унаанын арткы терезесин талкалап кетишиптир. Ичиндеги 12 миң сом жана документтер жок. Милиция кызматкерлерин чакырдык, алар өздөрүнүн ишин аткарып жатат", - дейт ал.
Бабакулов социалдык түйүндөгү баракчасына "бул мага болгон бийлик тараптан биринчи эскертүү деп эсептейм" деген пикирин жазды. Ал буга чейин Таластагы иске ууланган үй-бүлөнүн окуясы тууралуу "бул бийликтин күчү карапайым элге эле жетеби?" деп пост жазган.