Орусияда 3 жаштагы кызын жалгыз бир жумага батирге камап койгон эне камакка алынды. Кыз ачкадан каза болгон

Орусиянын Киров облусунда 3 жаштагы кызын жалгыз бир жумага батирге камап койгон эне камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү Кировдогу батирлердин биринен 3 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Кыздын денесинен эч кандай кыйноо белгилери табылган эмес. Дарыгерлер медициналык кароодон кийин ал ачкадан жана үшүп каза болгонун билдиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 21 жаштагы Мария П. аттуу келин кызын атайын үйүнө камап коюп кетип калганы аныкталган. Кызынын туулган күнүндө жаш эне аны социалдык тармак аркылуу куттуктап, "менин жашоом, чоңоюп калдың, бүгүн сенин күнүң" деген билдирүү калтырган.

"Кичинекей кыздын жансыз денесин аны туулган күнү менен куттуктап келген таенеси тапкан. Кызын атайылап өлтүрүүгө шектелип жаткан Мария П. 19 жашында төрөгөн. Алгач ал апасы менен бирге жашап, кийин пикир келишпестиктен улам апасы көчүп кеткен. Соттук отурумда Мария П. кылганына өкүнгөндүгүн билдирген жок. Ал "ооба, мен кетип калгам, сууну жаап, баланы тамаксыз калтырып кеткем" деп билдирген. Соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынды. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
-ali
2019-02-25 08:13:12
Мээси айныган немего
+7
kechirmeni
2019-02-25 09:19:20
Кудай сакта, адамзат-айбан жырткычтардан да томон тушуп кеттик го, эч бир жаныбар оз баласын мындай кылбаса керек, тескерисинче баласы учун озун отко таштайт го
+10
Siren.ms
2019-02-25 09:27:17
ХХХХ ХХХХ журогум ооруп Кетти байкуш бала
+2
ekaterinburg
2019-02-25 09:58:46
Жашабагыр десе!!!Майрамдап кетип калган го,ХХХ ХХХ Бироого зар,бироого кор...Эх..
+6
Avrora2017
2019-02-25 11:27:03
Жаш акылсыз ХХХ кийин окуноорсун , зонага барганда жазасын колуна беришет ошондо окунгонду коросун ХХХ ХХХХ, бобоко боорум ачыды
+4
admin_superstan
2019-02-25 13:24:04
Avrora2017,коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
-2
Avrora2017
2019-02-25 19:52:20
admin_superstan,андай деле соз жазылган жокко демейде согунгон созду чыгарып койосунар бажырайтып , тушунуп болбойт ушу силерди
0
Avrora2017
2019-02-25 19:53:10
admin_superstan, айбанды айбан, акмакты акмак эле дейтко
0
Umka22
2019-02-25 12:54:12
Таш боор экен Кудай сактасын сендей мерезден азабын түрмөдөн тарт
+2
s81
2019-02-25 13:09:07
кандай таш боор

+1
Shakek
2019-02-25 13:23:25
Айбан!!! журогу кандай чыдап журду экен 1жума
+5
010288
2019-02-25 13:37:20
ХХХХ оооох журогум
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-25 18:04:28
Жүрөгүм иии!Түнү кантип атты экен бөбөк (((((ушундай да ташбоор болобу
+3
Adikoo2011.
2019-02-25 19:31:13
Байкуш десе боорум ооруп кетти кантип журогу чыдадым экен акмак
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан