Казакстандын мегажылдызы Кайрат Нуртас Чымкент облусундагы Түркстан шаарында 1989-жылы 25-февралда туулган.
Биринчи жолу сахнага 10 жашында Байкоңурда чыккан. Алгачкы соло концертин 2008-жылы Алматы шаарында берген. Ал Шамши Калдаяков, Асет Бейсеуов, Ержан Серикбаевдин ырларын аткарып, кээ бир чыгармаларын өзү жараткан. Ырчынын продюсери жана демөөрчүсү да апасы Гүлзира Айдарбекова болгон.
Көп жыл бою өзүнүн үй-бүлөсүн жашырып келген ырчы 2017-жылдын аягында телеканалдардын бирине берген маегинде үй-бүлөлүү экенин тастыктаган. Анын үйлөнгөнүнө 10 жыл болгондугу көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, интернеттеги социалдык тармактын колдонуучулары уккандарына ишене албай жатканын жазышкан.
Ушул эле жылдын сентябрь айында ырчы жубайы менен бир тасмада башкы каармандардын ролун жаратышкан.
Ал эми 2018-жылдын март айынын аягында миллиондогон күйөрмандарына жубайы Жылдыз Абдукаримова менен кошо 2 уулун жана 2 кызын көрсөткөн. Океандын ары жагына чейин таанылган ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасына үй-бүлөлүк сүрөтүн жарыялап, сүрөттүн алдына:
"10 жыл бою үй-бүлөмдү коомчулуктан жашырганым -
Очогумдун бузулбай тынчтыкта өмүр сүрүшүн каалаганым.
10 жыл бою жубайымды жашырганым - өзүмө-өзүм ишенгеним.
Көпчүлүккө көрсөтпөй, өзүм гана көргөмүн.
10 жыл бою балдарымды жашырганым -
Алар менин кымбат казынам, асылдарым.
Ал эми казагым - кызыл кырман, жашыл багым.
Баары силер үчүн, мендеги барды жашырбай,
Бүгүн силер үчүн ачылып турган чагым", - деп жазып, акындык өнөрүн ачты. Бул күйөрмандарынын суроолоруна татыктуу жооп болгон. Алар ырчыга бакыт тилеп, уул балдары апасына, ал эми кыздары атасына окшош экенин жазышкан.
Учурда Кайрат Нуртас Казакстандагы эң белгилүү ырчылардын бири. Анын бир жылдык кирешеси 2 миллион доллардан ашык. 2013-жылы ал өзүнүн алгачкы кийим сатуучу дүкөнүн ачкан. Ошол эле жылы атасы жазган ырлар жыйнагынан түзүлгөн “Шыда жүрек” аталыштагы альбомун жарыкка чыгарган.
2014-жылы ырчы Евразиялык музыкалык сыйлыктын ээси болгон. 25 жашында Кайрат Нуртас өз күйөрмандарына Алмата жана Астана шаарларында “Эркелеп элге үн арнайм” жана “Ал сен эмес” аталыштагы өзгөчө концерт тартуулаган.
Ырчы мырза Казакстандын шоу-бизнесиндеги эң бай 25 адамдын катарын толуктайт. Ырчынын карьерасындагы эң чоң жетишкендиктердин бири - анын “Кайрат Нуртас Production” аталышындагы кинокомпаниясынын ачылышы болуп саналат.
Ырчынын атасы Нуртас Айдарбеков, апасы Гүлзира Айдарбекова. Үй-бүлөсүндө 3 бир тууган, Аян жана Зангар аттуу инилери бар. Алардын бири спорт менен машыгып боксчу болсо, кичүү иниси бизнес менен алектенет.
25-февралга карата жылнаама.