Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов жасайт. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында 4 маселе талкууланат. Анда "1992-жылдан 2000-жылга чейин берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору, Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына талапкерди көрсөтүү тууралуу жана жергиликтүү деңгээлде парламенттик демократияны өнүктүрүүдө мыйзамдардын иш-аракеттери жөнүндө маселе каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан