Лос-Анжелес шаарында "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Мыктылар кимдер?

АКШ кино академиясында 91-жолу "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи орун алды. Салтанаттуу иш-чара Лос-Анжелес шаарындагы "Долби" театрында өттү.
"Мыкты тасма" наамын "Жашыл китеп" фильми илип кетти. Мындан сырткары тасма "Мыкты оригиналдуу сценарий" номинациясына да ээ болду.
Режиссёру: Питер Фаррелли;
Башкы ролдордо: Вигго Мортенсен, Махершала Али, Линда Карделлини, Себастьян Манискалко.
"Мыкты актёр" наамына "Богемдик рапсодия" фильминдеги ролу үчүн Рами Малек ээ болду. Ушул эле тасма "Мыкты монтаж", "Үндөрдүн мыкты монтажы", "Үндү эң мыкты жеткирүү" наамдарына да татыды.
"Мыкты актриса" наамы "Фаворитка" тасмасында башкы ролду жараткан Оливия Колманга буюрду.
"Мыкты режиссёр" номинациясы "Рома" тасмасынын режиссёру Альфонсо Куаронго ыйгарылды.
"Экинчи пландагы мыкты актриса" наамына Режина Кинг "Эгерде Бил-стрит сүйлөй алса" ("Если Бил-стрит могла бы заговорить") тасмасында жараткан ролу үчүн ээ болду.
"Экинчи пландагы мыкты актёр" деп "Жашыл китеп" ("Зелёная книга") тасмасында роль жараткан Махершала Али табылды.
"Костюмдардын мыкты дизайны" жана "Мыкты сүрөтчү" номинациясы режиссёр Райан Куглердин "Кара Пантера" фильмине буюрду. Ушул эле тасмада композиторлук кылган Людвиг Йоранссон "Мыкты композитор" наамын жеңип алды.

"Мыкты оператордук эмгек" жана "Чет тилдеги мыкты тасма" наамдарын испан тилинде тартылган мексикалык Альфонсо Куарондун "Рома" фильми илип кетти.
"Мыкты даректүү тасма" наамын алгачкы болуп 2307 метр бийиктиктеги "Эль-Капитан" тоосун жалгыз багынткан Алекс Хоннольдго арналган фильм жеңип алды. Тасма "Жалгыздыкка эркин көтөрүлүү" ("Свободный подъем в одиночку") деп аталат.
"Мыкты визуалдык эффекттер" наамы космонавт Нил Армстронг тууралуу тартылган "Айдагы адам" ("Человек на луне") фильмине ыйгарылды. Тасманы режиссёр Дэмьен Шазелл тартса, башкы ролдорду Райан Гослинг, Клер Фой, Джейсон Кларк аткарышкан.
"Мыкты анимациялык фильм" номинациясы үчүн "Оскарга" "Жөргөмүш адам. Ааламдар аркылуу" ("Человек Паук. Через вселенные") мультфильми ээ болду.
"Мыкты саундтрек" наамын Леди Гаганын "Жылдыз туулду "("Звезда родилась")" фильминде ырдалган ыры жеңип алды. Аталган мюзикл фильми Бредли Купер режиссёрлук кылган алгачкы тасма болуп, башкы ролдордун бирин Леди Гага жараткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан