Бишкекте мындан 9 күн мурун жол кырсыгына кабылган стилист Асел Мамбеткалиеванын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG'ге Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков кабарлады.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Жол кырсыгы 17-февраль күнү болжол менен 8:00 чамасында Бишкектеги Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жол боюндагы мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу көз жумуп, жүргүнчү айым оор абалда №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Кийин стилист айымдын боору айрылып кеткени, баш мээси катуу чайкалып, баш сөөгү, жамбаш сөөктөрү, кабыргалары да сынганы аныкталган.