Издөөдө жүргөн Анаркүл Жоошбаева Бишкектеги базарлардын биринен табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында дайынсыз жоголгон Анаркүл Жоошбаева табылды. Бул тууралуу 25-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Назира Имангазиева SUPER.KG'ге кабарлады.

Анын айтымында, 14 жаштагы Анаркүл Жоошбаева Бишкек шаарындагы базарлардын биринен табылган.

"Анаркүл Жоошбаева 18-февралда эртең менен саат 06:30-08:00 аралыгында мектеп-интернатынан чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. 23-февраль күнү интернаттын кызматкерлери Жоошбаеваны Бишкек шаарындагы базарлардын биринен издеп табышкан. Азыркы учурда Жоошбаева интернатка жеткирилди", - дейт басма сөз катчы.

Буга чейин Анаркүл Жоошбаева 3-февралда дайынсыз жоголуп, бирок 5-февралда табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан