Бишкек убактысы боюнча 24-февралдан 25-февралга караган түнү Лос-Анжелес шаарында тасма жаатында жыл бою күтүлгөн "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи орун алды. Сыйлыктарды ар түрдүү номинациялар боюнча кимдер жеңгендиги бүйүр кызыткандай эле кызыл килемге ким, кандай кийинип келди, кайсы дизайнердин эмгектери көзгө көрүндү деген суроонун үстүндө да интернетти барактагандар арбын. Төмөндө жылдыздардын кызыл килемде кандай жасалга кийим менен басканына күбө болуңуздар.
Жылда ырчы жана актриса Леди Гаганы кызыл килемге кандай кийим менен келет деп күткөндөр көп. Көпчүлүктү таң калтырып, кызыл килемден өткөндө кааласа уйдун этинен тигилген кийимден бери кийип келип жүргөн Гага бул ирет капкара түстөгү көлөмдүү көйнөк кийип келген. 32 жаштагы ырчы "Тиффаниникинде таңкы тамак" тасмасындагы Одри Хепбёрндун образында кийинип келген. Анын моюнундагы 128 караттуу 30 миллион долларлык бриллиант дагы Хепбёрндун ошол тасмадагы образын толуктайт. Ал эми көйнөк белгилүү дизайнер Александр Маккуиндин мода үйүнөн тандалган.
Актриса Хелен Миррен дагы оңой эмес зер-жасалгалары менен келген. Ал кызыл килемде кыскача маек берип жатып "Жасалгаларым 1 үйдүн баасынан да кымбат" деп тамашалады. 73 жаштагы актрисаны өзүнүн жаш курагына дал келбеген түстөгү көйнөк тандаган деп талкуулап жатышат. Ал күлгүн кызыл, кызыл жана саргыч түстөрдүн эң назик айкалыштарындагы көйнөктү кийип келген.
Ал эми актриса Ирина Шейк, тескерисинче, Мирренге салыштырмалуу чымкый кара түстөгү образ менен келген. Ал сүйүктүүсү, актёр Бредли Купер менен кол кармашып келди. Ал эми Купер эл алдында апасын жетелеп жүрдү. Ирина Шейк кызыл килемге кара түстөгү белин өзгөчө белгилеп ичке көрсөтүп турган көйнөк кийген. Ал эми анын жеңиндеги алтын түстүү чачылары жана белиндеги алтын түстүү кооз куру көйнөктү ого бетер кооз көрсөтүп койгон. Алдынан караганда баары жабык, ачык-чачыгы жок, жөнөкөй. Ал эми актриса артты караганда далысын толугу менен көрүүгө мүмкүн.
30 жаштагы актриса Эмма Стоун мааракеге Louis Vuitton мода үйүндө даярдалган көйнөк менен келди. Мода үйү Стоундун табитин тапканга аракет кылганы менен, ага карата түрдүү пикирлер айтылууда. Эмма Стоунду сынчылар плита болуп жасалган шоколад жана вафлиге салыштырышса, айрымдары көйнөктүн түсү актрисаны "ачпай" калган дешүүдө.
Көк көйнөгү жер чийген актриса Шарлиз Терон жакында эле "Оскардын" кызыл килемине чыкканга чейин имиджин өзгөртө коюп таң калтырды. 43 жаштагы Терон сары чачын карага боёп, карэ кылып кырка калган. Көгүш түстөгү узун көйнөк кийген актрисаны сынчылар бели жоон болуп калыптыр, далысын ачканы да жарашкан эмес деп сындашты.
49 жаштагы актриса жана ырчы Женнифер Лопес денесине чыпташкан жалтырак көйнөк кийип келген. Күзгүнүн сыныктарынан жасалгандай көйнөк Лопеске куп жарашкан. Дене мүчөсүн белгилеп көрсөткөн ырчынын колундагы клатч дагы абдан туура тандалганын айтышат сынчылар.
Билли Портер көлөмдүү кара көйнөгү менен таң калтырды. Эркек кишинин көйнөкчөн келгенин "хайп" деп кабыл алышты. Үстү жакшы эле эркектин костюму болуп келе жатып, этеги көлөмдүү кара баркыттан тигилген көйнөк болуп кеткени көзгө өөн учурайт. "Өзү да этегине чалынып жүдөп жүргөндөй көрүндү" деп жазышты маалымат каражаттары. Портер тууралуу "образ эркек кишинин көйнөк менен кандай жагымсыз көрүнөрүн көрсөттү" дегендерге каршы, "эч бир номинацияны жеңбесе да элдин эсинде калды" дегендер бар.
44 жаштагы актриса Сара Полсон көптөгөн сынчылардын сынына кабылды деп жазат маалымат каражаттары. "Актриса эң ийгиликсиз тандоо жасаган. Ал эки атлас капты кийип алгандай. Этеги чоң, үстүнкү бөлүгү андан кичирээк", - деген сындар айтылган.