Кымбат эмес O!Phone 4G Joy LTE-смартфону пайызсыз жана ашык төлөмсүз сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

O!Store дүкөндөр тармагы O!Phone 4G Joy жаңы бюджеттик смартфонго акция башталгандыгын жарыялады.

Эми саркеч заманбап телефонду баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмсүз бөлүп төлөөгө сатып алса болот!

Бүгүн заманбап бюджеттик смартфондордун “колунан баары келет”, кээде эң акыркы техника менен жабдылган гаджетке ашык акча төлөөнүн кереги барбы же жокпу деп ойлонуп кетесиң.

O!Phone 4G Joy – дал ушундай. LTE түйүндөрүндөгү ишти колдойт, жүктөөнүн жогорку ылдамдыгын жана тиркемелердин туруктуу иштөөсүн камсыздайт, түстүү IPS-дисплейге ээ, 16 ГБ эс-тутумун 64ГБ эс-тутумга чейин кеңейтип алуу абдан оңой, корпусу ажыратылат, программалык камсыздоонун актуалдык версиясы бар. Дисплейинин тактыгы жана көлөмү смартфонду автоунаадагы навигатор катары да колдонууга мүмкүндүк берет. Бош убакытта оюндарды да ойносо болот. Айрыкча, камерасын баса белгилей кетсек болот – негизги модуль 8/0.3/5 Мп камераларынан турат, экинчи модуль болсо сүрөттүн дааналыгын чоңойтуу жана арткы фондун жуулушунда колдонулат. Панорамалык режим жана HDR кармайт. Жогорку уруксаты жана тараптарынын 18:9 катыштыгы боюнча O!Phone 4G Joy смартфону оюндарды ойноого жана фильмдерди көрүүгө идеалдуу болуп саналат. Анын үстүнө ал жеңил, стилдүү жана кармаганга жагымдуу.

Эгер дароо сатып алам десеңиз, анын баасы 5 990 сом. Эгер толук суммаңыз жаныңызда жок болсо, сиз смартфонду 3 же 6 айга бөлүп төлөөгө сатып алсаңыз болот, мында баштапкы төгүм жана пайыздарды төлөбөйсүз! Смартфонду бөлүп төлөөгө сатып алуу үчүн паспорт жана айлык акы тууралуу маалымкат керек. Бөлүп төлөө DOS CREDOBANK банкы менен өнөктөштүктө бүт Кыргызстандагы O!Store кеңселеринде жолжоболоштурулат. Бир кардар бөлүп төлөөгө максимум 3 смартфон сатып алса болот.

Смартфонду үйүңүзгө жеткирип берүүлөрүн каалайсызбы? 0705 007 000 телефонуна чалыңыз же ostore.kg сайтында табыштаманы жолжоболоштуруңуз. Товардын саны чектелүү, алардын бар экендигин телефон аркылуу тактаңыз. ostore.kg сайтынан акция тууралуу кененирээк маалыматты жана смартфондун өзгөчөлүктөрүн билип алса болот.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан