Кызыл-Кыя шаарында баңги затын алып жүргөн жаран кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында баңги затын алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-февраль күнү Кызыл-Кыя ШИИБинин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн иштеринин натыйжасында Өзбекстандын Фергана облусунун Маргилан шаарынын 38 жаштагы З.М. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан полиэтилен баштыкта сакталган өзгөчө жыты бар, жашыл күрөң түстөгү салмагы 21,73 граммды түзгөн зат алынган. Андан соң анын убактылуу жашаган Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы үйүнөн ширеңкенин кутусуна сактаган 21,05 граммдагы баңги заты табылган.

"Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинин кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Экспертизанын корутундусунда бул алынган баңги затынын марихуана түрү экендиги аныкталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп кошумчалайт милиция.

Учурда иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан