Жакында эле бойдокчулук менен коштошуп, үй-бүлөлүүлөрдүн катарын толуктаган "тамашоучу", алып баруучу жана шоумен Урмат Борченов жубайы Асел менен биргеликте SUPER TV`га маек курду. Алар алгачкы таанышкан күндөн тартып, үлпөт тойго чейин кенен айтып беришти.
"Ысырапкорчулукту жактырбайбыз. Мындан улам үлпөт тойду устукан, торту жок эле өткөрдүк. Стандарттыкты да каалабагандыктан тойдо тост, "Жар-жар" айттырган жокпуз", - дейт түгөйлөр.
Ошондой эле таанышкандарына 13 жыл болгону менен, жарым жыл аралыгында кыз-жигит катары сүйлөшүп, үлпөт тойго бир жума гана даярданышканын кошумчалады.
"Мени көпчүлүк жакын арада үйлөнбөйт деп ойлошсо керек. Үйлөнөрүмө ишенбей, тойго келбей койгондор да болду" деген Урмат Борченов менен жубайынын маегин төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.