Жалал-Абад облусунда 2,5 килограмм салмактагы гашишти ташып жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абад облусунда 2,5 килограмм салмактагы гашишти ташып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-февраль күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Чычкан” стационардык постунан Тойота үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Жеңил унааны 40 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну М.О. аттуу жаран башкарып келе жаткан. Машинанын ичин текшерүүгө алган учурда 190 даана ширеңке кутучасындай даярдалган 2 килограмм 460 грамм салмактагы гашиш табылган.
Азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул иш боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталганы жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан