Ноокенде 9-класстын окуучусу түн ичинде топ балдардын ур-токмогунан качып баратып жардан кулап каза болду. Окуя 24-февралга караган түнү Ноокен районунун Дамаш деген айылында болгонун SUPER.KG'ге өздүк булактар кабарлашты. Маалым болгондой, баланын жансыз денеси бир күндөн кийин табылган.
"23-февраль күнү кечинде Эски-Масы жана Сай-Мала айылынын балдарынын ортосунда чыр чыгып, Дамаш айылынын 9-класста окуган тургуну каза болуп калды. Тактап айтканда, каза болгон бала топ балдардын ортосундагы чырга кокустан аралаша калып, ур-токмокко алынган. Андан качып баратып Дамаш айылынан өткөн дарыядагы жарга түшүп кетиптир. Жансыз денеси бир күндөн кийин жардын алдынан табылды. 26-февралда жерге берилет", - деп кабарлады өздүк булак.
Аталган окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи азырынча маалымат бере элек.