Орусиянын Киров облусунда 3 жаштагы кызын жалгыз бир аптага батирге камап койгон аял учурда камакта. Анын мындан 2 жыл мурун эле кызын балдар үйүнө бергиси келгенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, ал интернет баракчасынын бирине бул ниети тууралуу жазып, бул чечими үчүн катуу сынга албоону колдонуучулардан суранган. Бирок ал бул чечими менен балдар үйүнө кайрылганбы-жокпу али белгисиз.
Мындан тышкары маалыматта кыздын атасы да табылганы жазылат. 25 жаштагы Алексей өзүнүн билдирүүсүндө буга чейин кызы кандай жашап жатканынан маалыматы жок болгонун айткан. Ошондой эле ал социалдык тармактагы баракчасына "менин сүйүктүү кызым, тынч укта" деп жазган. Мындай аракети колдонуучулар тарабынан катуу сынга алынып, аны мерез адам катары сыпаттагандар көп.
20-февраль күнү Кировдогу батирлердин биринен 3 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Кыздын денесинде эч кандай кыйноо белгилери болгон эмес. Дарыгерлер медициналык кароодон кийин ал ачкадан жана үшүп каза болгонун билдиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 21 жаштагы Мария П. аттуу келин кызын атайын үйүнө камап коюп кетип калганы аныкталган. Кызынын туулган күнүндө жаш эне аны социалдык тармак аркылуу куттуктап, "менин жашоом, чоңоюп калдың, бүгүн сенин күнүң" деген билдирүү калтырган.