Дүйшөмбү шаарында курулушта иштеген жумушчулар 33 метр бийиктиктен кулап түшүштү

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы борбордук мечиттин курулушунда иштеп жаткан 10 чакты жумушчу бийиктиктен кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен темир конструкцияга кулагандар оор жаракаттарды алышкан. Дүйшөмбү шаарынын Исмоили Сомони райондук прокуратурасы бул боюнча териштирүү иштерин баштады. Кырсык 25-февралда мечиттин үстүндөгү монтаж иштерин жасоо учурунда болгон. Анда капысынан курулушчулар турган шатылар кулап түшүп, 8 адам ооруканага жеткирилген. Алардын биринин абалы оор бойдон калууда. Жалпысынан мечиттин курулушуна 300 жумушчу тартылып, курулуш иштерин Ирандын компаниясы ишке ашырып жаткан.

Анда иштеген башка курулушчулар "кырсыкка кабылгандар коопсуздук эрежелерин сактаган эмес" деп билдиришкен. Маалым болгондой аталган шаардагы борбордук мечит 120 миң кишиге ылайыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан