"Бакай Банк" аркылуу күрөөсүз эле насыяга телефондорду жарым сааттын ичинде MegaStore кеңселеринен алыңыз

"Бакай Банк" MegaCom уюлдук оператору менен биргеликте керектөөчүлөр менен "Mega Рассрочка" жаңы насыясын тааныштырат. Эми Бишкек шаарынын жашоочуларынын MegaStore тейлөө жана сатуу борборлорунан уюлдук телефон, планшет, түрдүү аксессуарлар жана башка товарларды алууга эң сонун мүмкүнчүлүктөрү бар. Болгондо да насыяга, күрөөсүз.

Мындан тышкары "Mega Рассрочка" кызматы андан пайдалангандар үчүн үстөк пайызды азайтуу акциясы менен башталды. Эми "Бакай Банктын" кардарлары электрондук түрдүү жабдыктарды MegaStorе'дун сатуу жана тейлөө борборлорунан КҮРӨӨСҮ жок, 23 пайыз - төмөндөтүлгөн үстөк пайыз менен алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

"Бакай Банк" смартфондорду сатып алуу үчүн эң пайдалуу кызматтарды түздү:

Насыянын валютасы - сом;

Сумма - 5 миңден баштап 100 миң сомго чейин;

Мөөнөтү - 18 айга чейин;

Үстөк пайызы - жылына 23 пайыз;

Баштапкы төлөм талап кылынбайт.

Насыя берүү чечими бир нече убакыт аралыгында кабыл алынат!

Насыя алуучунун жанында:

* Паспорт;

* Маяна алып иштегендер - иштеген жеринен акыркы 6 айдагы айлыгын тастыктаган аныктама/ айлык маянасынын эсептелгендиги боюнча банктан көчүрмө;

* Банк аркылуу пенсиясын алган пенсионерлер - акыркы 6 айда пенсиясы которулгандыгы боюнча банктан атайын аныктама болушу керек.

Арыз жазып "Бакай Банк" аркылуу насыя алуу иш күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин ГУМ соода борборундагы Megastore тейлөө жана сатуу борборунда жүргүзүлөт. MegaStor'до смартфондордун түрү абдан көп болгондуктан эң эле талабы күчтүү кардар да өзүнө ылайыктуу телефонду таба алат. Аталган жайда Xiaomi, LG, Huawei, Samsung, Apple, Olmio, Honor, Fly жана башка бренддердин смартфондору, аксессуарлары бар.

Шашылыңыз! Акция ушул жылдын 30-апрелине чейин уланат!

Кененирээк маалыматтарды 0312 61-00-61, уюлдук телефондон 6111 кыска номерине, WhatsApp'тан +996554006111 номери аркылуу билсеңиз болот. Мындан тышкары www.bakai.kg. сайтында дагы толук маалыматтар камтылган.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан