57 жаштагы Ысык-Көлдүн тургунунун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды

57 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну 550 грамм гашиш менен кармалып, үйүн тинтүү учурунда 8 килограмм 100 грамм марихуана табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган адам мурда да мал уурулук менен бир нече ирет соттолгон.

"19-февралда Ысык-Көл районунун тургуну баңги затынын ири көлөмдөгү партиясын үйүндө сактап, аны сатууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү аныкталды.

Ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери баңги затын сатып алууну көздөгөн кардар катары шектүү менен жолугушууну белгилешкен. Белгиленген жерде ширеңке кутуларына салынган 550 грамм гашиш заты менен Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну Замирбек А. кармалды. Анын үйүн тинтүүдө капка 8 килограмм 100 грам марихуана жана баңги затын даярдоодо колдонулуучу шаймандар табылды.

Райондук соттун чечими менен кармалган адам 2 айга тергөө камагына киргизилип, сотко чейинки тергөө уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Anaraalieva
2019-02-26 13:22:34
Тиричилигин кылып жаткандарды да жон койбойсунар силер!?
+1
Baatirbek81
2019-02-26 20:00:37
Кайран дүнктөр эми буларды өздөрү сатышат
0
Ruslan-bel-oruk
2019-02-27 08:47:47
Baatirbek81,тура айтасын еми оздору зонага сатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан