Студенттер жана стартап ишкерлер үчүн BeelineOpenDigithon 3-санариптик марафону 9-мартта башталат. Эки апта аралыгында 10 адамдан куралган 15 команда коомду жана бизнести колдоо идеяларын иштеп чыгышат. Командаларга Кыргыз өлкөсүнүн жана Украинанын мыкты бизнесмендери жана долбоор түзүүчүлөрү жардам көрсөтөт. Марафондун жыйынтыгында жеңүүчү командага Beeline бизнес идеясын ишке ашыруу үчүн 70 миң сом бөлөт.
Beeline'дын укуктар маселеси боюнча директору Галина Кучеряваянын айтымында, мындай өңүттөгү марафондор жаштардын санариптик багыттагы билимин жогорулатууга жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга арналган. Анын негизинде жаштар экономиканын өсүүсүнө өздөрүнүн бараандуу салымын кошо алышат.
"Beeline "MakeyourMark'тын" глобалдуу демилгесинин алкагында Digithon өткөрүп жатат. Мындай жол менен компания жаш муундун санариптик кылымга ыңгайлашуусуна көмөк көрсөтөт. Мына ушундай билим берүүчү долбоорлордун негизинде жаштар өздөрүнүн жаркын келечегин кура алышат", - дейт Галина Кучерявая.
OpenDigithon деп аталган санариптик марафонду бизнесмендердин, идеяларды иштеп чыккан өкүлдөрдүн, дизайнерлердин, түрдүү тармактардагы маркетологдордун катышуусунда өткөрүү идеясы Beeline команиясына таандык. Демилге дүйнөлүк технологиянын күн санап өсүп жаткандыгы жана инновациялар рыногунда ага карата суроо-талаптын арткандыгы менен байланыштуу. Мындай иш-чараларды өткөрүү менен Beeline Кыргызстандагы санариптик эко-чөйрөнүн түзүлүшүнө да негиз боло алат.
Бул өңдүү иш-чараны аталган компания биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. 2017-жылы Digithon'дун катышуучулары мейманкана жана ресторан бизнестерин өнүктүрүү боюнча идеяларын иштеп чыгышкан. 2018-жылы болсо катышуучулар рыноктун талаптарын изилдеп, андагы көйгөйлөрдү 24 сааттын ичинде чечүү идеяларын сунушташкан. Мында гипермаркеттерде керектөөчүлөр кассирдин кызматын пайдаланбай эле balance.kg аркылуу өз алдынча төлөм жүргүзүү функциясын ишке киргизүү айтылган.
Буга чейин өткөрүлгөн марафондордо катышуучулар бизнес-долбоорлордун алкагында иш алып барган болсо, бул жылы долбоордун алкагында социалдык маанилүү маселелерди чечүү да каралышы керек деген талап кошулган. Өзүнүн идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн 10 адамдан куралган 15 команда күч сынашат. Алардын эмгектерин эл аралык уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү баалайт.
Beeline'дын өкүлдөрүнүн айтымында, бул кадам окшош идеялардын жарала беришине чек коюп, коммерциялык чоң ийгиликтердин жаралышына, идеянын иштелип чыгышына жана товардын же кызматтын керектөөчүгө жетишине, мындан тышкары заманбап технологиянын пайдаланылышына түрткү болот. Digithon'дун катышуучуларына идеяны жакшыртуу боюнча Beeline компаниясынын именторлору жана эксперттери жардам берет.
Иш-чара бир нече этапка бөлүнгөн.
Биринчи этап - тандоо: 2 апта аралыгында каалоочулар катышары тууралуу арыз берет.
Экинчи этап - билим берүүчү: долбоор үчүн чакырылган эксперттер бир күн ичинде коммерциялык ийгилик үчүн идеяны кантип иштеп чыгуу керектигин көрсөтүп берет.
Үчүнчү этап: даярдануучу: 2 апта ичинде командалар менторлор менен иштешип, идеяларды аягына чейин иштеп чыгып, кайсы бир продукту чыгарууга токтолот.
Төртүнчү этап: долбоордун презентациясы көргөзүлүп, жеңүүчү аныкталат.
"Бизнестин социалдык маселелер менен байланыштуу болгону жана аны аткаруу үчүн жаштарга мүмкүнчүлүктөрдүн берилип жаткандыгы абдан жакшы көрүнүш. Балдарды активдүү болууга, бул марафонго катышууга чакырам. Анткени сиздин идеяңыз өлкөгө пайдалуу болуп калышы мүмкүн", - дейт Digithon'дун украиналык тренери жана SocialBoost диджитал-коммуникациялар боюнча менеджери Мария Шныркова.
"Жашоо өзгөрүп турат, буга байланыштуу рынокто жаңы суроо-талаптар пайда болот. Санариптик технология гана рыноктун талабын аткара алат жана дайыма өнүгүүгө жол ачат. Жаштар туура жол, туура багыт менен иш алып баруусу үчүн мен өзүмдүн билгендеримди аларга бөлүшөм жана жардам берем", - деп билдирет Digithon жана MOBILNYI AVTORYNO СЕО тиркемесинин ментору Эрен Камчибеков.
OpenDigithon SkyX'те - Beeline компаниясынын кызматкерлери кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетүү үчүн кызматтарды түзгөн жаңы мекемеде орун алат. OpenDigithon жөнүндө толук маалыматтарды https://skylab.kg/ шилтемеси аркылуу кирип алсаңыз болот.
Катышуу тууралуу арыз берүү ушул жылдын 5-мартында аяктайт.