Бишкекте мушташтан каза болгон 19 жаштагы баланын атасы да жакында эле каза болуп калган

Бишкекте каза болгон 19 жаштагы баланын өлүмү боюнча шектүү катары 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 24-февралга караган түнү саат 01:57 чамасында Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Ала-Тоо" аянтында мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган ыкчам тергөө тобу тартип бузган эч кимди тапкан эмес.

"Ошол эле учурда ооруканалардын биринен 19 жаштагы Ш.Т. жана Ж.Р. аттуу балдар учтуу нерседен жаракат алып жеткирилгени кабарланган. Ал эми жабырлануучу балдардын бири операция учурунда каза болуп калган экен. Болжолдуу маалыматтар боюнча, жабырлануучу тарап туулган күн белгилеп, эки тааныш кызды конокко чакырышкан. Бир учурда жабырлануучу тарап менен кыздардын ортосунда уруш чыгып, кыздар өздөрүнүн досторун чакыртышкан. Чогулган балдар эки тарап болуп мушташып, эки бала бычактан жаракат алган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (ден соолукка атайын оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары кармалган 23 жаштагы Т.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Ал эми SUPER.KG порталына өздүк булактардын билдиргенине караганда, каза болгон балага эч кандай медициналык экспертиза жасалган эмес жана анын жансыз денеси жерге берилди. Ал үй-бүлөнүн улуу баласы болгон. Ошондой эле маркумдун атасы жакында эле каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан