Бишкекте жол кырсыгына кабылып, 10 күндөн бери оор абалда жаткан стилист Асел Мамбеткалиева каза болуп калды

Бишкекте жол кырсыгына кабылган стилист Асел Мамбеткалиева каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG'ге Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунан кабарланды.

Мындан 10 күн мурун жол кырсыгына кабылган стилист айымдын абалы оор болчу. Кырсыктын кесепетинен денесинин бир нече бөлүгүнөн оор жаракат алган.

“Бейтаптын абалы 10 күн бою өзгөрүүсүз бойдон турду. Абалында эч кандай жылыш болгон жок. Тилекке каршы, бүгүн саат 15:10до ал каза болуп калды. Бул тууралуу жакын туугандарына кабар берилди. Учурда тиешелүү процедуралар жасалууда", - деди Кубатбеков.

Асел Мамбеткалиеванын артында 3 баласы калды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Жол кырсыгы 17-февраль күнү болжол менен саат 8:00 чамасында Бишкектеги Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жол боюндагы мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу көз жумуп, жүргүнчү айым оор абалда №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Кийин стилисттин боору айрылып кеткени, баш мээси катуу чайкалып, баш сөөгү, жамбаш сөөктөрү, кабыргалары да сынганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dasa-kgz
2019-02-26 16:40:40
Арты кайырдуу болсун
+17
Pchelka85
2019-02-26 17:41:16
Ии жаман болуптур. Арты кайрылуу болсун...окунучтуу бирок Супер толук жазгыла да. Водитель тоже бир известный эле киши экен го... а ны жаздынарбы значит б ны да жазгыла да.
+13
sultan.kg
2019-02-26 19:25:44
Мдаа... жаман болуптур. Балдарына жалко. Жаткан жериң жайлуу болсун.
+5
noeli
2019-02-26 20:34:29
Жаль жаль жаль.
+2
Bekturbek
2019-02-27 15:05:11
Алланын алдында сурагы жеңил болсун.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан